Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек ара участкасында чырга себеп болгон тосмолор алынды

Кыска кабар | 19 Дек 2019 | 767 | 0

Бүгүн, 19-декабрда «Кызыл-Бел-автодорожный» жана «Гулистон-автодорожный» өткөрмө бекеттеринде Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара кызматкерлеринин өкүлдөрү жолукту. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Кыргыз тарапты Чек ара кызматынын Башкы штабынын жетекчиси, чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев жетектеди, ал эми тажик тарапты Тажикстандын Чек ара кызматынын Башкы штабынын жетекчиси, чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары генерал-майор Хикматулло Пираков жетектеди.

Жолугушууда тараптар кыргыз-тажик чек ара сызыгын сактоо, ошондой эле конфликттердин келип чыгуусунун алдын алуу үчүн биргеликте иш алып барууну талкуулашты.

Ошондой эле, эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн эки тараптуу кызматташуусу боюнча маселеге өзгөчө көңүл бурулду. Эки тараптуу маалымат алмашууну активдештирүү жана байланышты бекемдөө маселелери каралды.

Мындан сырткары, жалпы чек аранын аялуу бөлүктөрүнө өзгөчө көңүл бөлүү жана аталган аймактарда мыйзам бузуулардын алдын алуу үчүн ич ара иш-аракеттерди күчөтүү боюнча маселе каралды.

Бүгүн, 19-декабрда Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары тарабынан аныкталбаган кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара участкаларында орнотулган тосмолор толугу менен алынды.

Саат 18.00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу.

Эске салсак, кечээ 18-декабрда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, тажиктер аткан октон Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички аскерлеринин жоокерине ок тийген. Ошондой эле, Самаркандек айылдык кеңешинин депутаты 28 жаштагы Аман Абдилаким уулу сол колунан жаракат алган. Мындан сырткары 4 адам түрдүү жаракат алышкан.

Copyright © 2017 Maral FM