Биз менен байланышыңыз

Ош: 18-декабрда биринчи жолу эл аралык ири вакансиялар жарманкеси өтөт

Кыска кабар | 17 Дек 2019 | 537 | 0

Ош шаарында эртең, 18-декабрда биринчи жолу эл аралык ири вакансиялар жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Анда Ош шаарынын жашоочуларына 15 өлкөнүн жумуш берүүчүлөрүнөн 3 миңден ашык вакансия сунушталат. Иш берүүчүлөр менен жеринен маектешүү мүмкүнчүлүгү да болот.

Жарманке 18-декабрь күнү саат 9:00дөн 16:00гө чейин ОшМУнун жыйындар залында жүрөт.

Ошондой эле,18-декабрда саат 10:00дөн 16:00гө чейин «Шанхай Сити» мейманканасынын жыйындар залында «Мигрант: кечээ, бүгүн, эртең» аталышында эл аралык форум өтмөкчү.

Copyright © 2017 Maral FM