Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда Ислам Академиясын ачуу боюнча Каныбек Исаковдун билдирүүсү

Кыска кабар | 15 Дек 2019 | 851 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековдун 11-12- декабрда Бириккен Араб Эмираттарына болгон расмий визитинин алкагында Билим берүү, илим министрлиги жана Бириккен Араб Эмираттарынын Шейх Мухаммад Зайед атындагы эл аралык фондунун ортосунда Кыргызстанда Ислам Академиясын ачуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков аталган академия тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

«Академия исламдын эң башкы баалуулуктары — боорукердик, сабырдуулук, кайрымдуулук жана мээримдүүлүккө окутат. Жакшы иштерди жасоого чакырат. Мисалы, Татарстанда окуу программасында заманбап илим менен диндин негизинде бириктирилип түзүлгөн светтик Ислам академиясы бар. Ислам академиясынын билим берүү стандарттары мамлекеттик билим берүү стандарттарына толук жооп берет жана теологдорду даярдоо боюнча башка программалар менен толукталган», — деди Каныбек Исаков.

Ал белгилегендей, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жеке дүйнө таанымын жана диний билимдерин өстүрүү, коомдогу түрдүү диний радикалдык көз караштарды ажыратып таануу максатында Академиянын лекцияларынын угуучулары болушат.

«Мунун баары тынчтыкты жана адамдар ортосундагы жакшы мамилелерди сактап калуу үчүн жасалып жатат. Албетте, буга бир канча уюмдар катышат, бирок негизги көзөмөл Билим берүү министрлигинде болот», — деп белгиледи Каныбек Исаков.

Copyright © 2017 Maral FM