Биз менен байланышыңыз

Сот үч медианын эсебин камактан чыгарды

Кыска кабар | 13 Дек 2019 | 945 | 0

Бишкектин Свердлов райондук соту үч медианын жана кабарчынын эсебин камактан чыгаруу боюнча Матраимовдордун арызын канааттандырды. Отурум бүгүн, 13-декабрда болуп өттү.

Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов менен бирге  “Азаттык”, “Клооп”, 24.kg редакцияларын жана журналист Али Токтакуновду сотко берген. Алардан жалпысынан 60 млн сом өндүрүүнү талап кылган. Ошол эле күнү сот аталган ЖМКлардын банктык эсептерин камакка алган.

Бүгүн, 13-декабрда Матраимовдордун жактоочусу редакциялардын камакка алынган эсептерин бошотуу өтүнүчү менен кайра сотко кайрылганы маалым болгон.

Copyright © 2017 Maral FM