Биз менен байланышыңыз

National Interest: Дүйнөдөгү эң күчтүү аскердик флоттор

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Дек 2019 | 819 | 0

The National Interest журналы дүйнөдөгү эң күчтүү аскер-деңиз флотторун (АДФ) атады. Алгачкы бештикке АКШ, Кытай, Орусия, Улуу Британия жана Япония өлкөлөрү кирген.

Тизме боюнча сап башын америкалык флот ээлеген. Макаланын автору белгилегендей, АКШ башкаларга салыштырмалуу эң көп суу кемесине ээ.  Американын АДФинде ондогон авиа күчтөрү, 9 десанттык кемеси, 22 крейсер, 62 эсминац, 17 фрегат жана 72 суу астындагы кайыктары бар.

Экинчи катарда Кытайдын аскердик-деңиз флоттору жайгашкан. Кытай флотунун өнүгүшү 1989-жылдан бери коргоо бюджетин он эселеп көтөрүүнүн натыйжасы болду. Учурда Кытайда 1 авиа күчү, 3 десанттык транспорт, 25 эсминец, 42 фрегат, 8 атомдук жана 50 чакты суу астындагы кемелер бар.

АДФтин күчтүүлүгү боюнча 3-сапта Орусия турат. Автор белгилегендей, Орусия кургактыктагы держава болгонуна карабай, советтик флоттун негизги бөлүгүн ээлеп калган. Ага кошумча бат-баттан жаңы кемелерди киргизип, эскилерин модернизация кылып турат. Орус флотунда 79 ири кеме, 2 авиа күчү, 5 крейсер, 13 эсминец жана 52 суу астынан жүрүүчү кайыгы бар.

Төртүнчү катарда Улуу Британия аскердик-деңиз флоту жайгашкан. Аскердик күчү аябай чоң болгон өлкө акыркы жылдары бир аз кыскартууга аракет кылган. Учурда Британияда 3 чоң десанттык кеме, 19 фрегат жана эсминец, 7 атомдук сокку берүүчү жана 4 баллистикалык ракета болгон суу астындагы кайыктары бар.

Деңиздеги коргонуу күчтөрү боюнча Япония бештиктин соңунда турат. Чыгыш өлкөсүнүн флотунда 114 кеме, анын негизин түзгөн 46 эсминец бар. Ошондой эле Япониянын 16 кемеден турган суу астындагы күчтөрү дүйнө боюнча эң мыкты экени айтылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM