Биз менен байланышыңыз

13-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 12 Дек 2019 | 509 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 13-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: -3… 2… күндүз: 5…..10°C;

Талас облусунда:

түнкүсүн: -3…..2….күндүз: 4……9°C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында:

түнкүсүн: -3……2….күндүз: 8…..13°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: -4…..-9….күндүз: 3……8°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: -10….-15…..күндүз: -3..……2°C

13-декабрда Бишкекте күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1……1°C, күндүзү 7…….9°C.

Copyright © 2017 Maral FM