Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин психикасын текшертүү анын азаттыкка чыгуусуна жол ачабы?

Күн чекит | 10 Дек 2019 | 1565 | 0

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевге карата соттук-психиатриялык экспертиза дайындоо жөнүндө токтом чыгарылып, Саламаттык сактоо министрлигине жөнөтүлгөн. Ушундай эле чечим Кой-Таш окуясына байланыштуу 16 шектүүгө да чыгып, Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина жана Асель Кодурановалар да атайын экспертизадан өтүштү. Ал эми Алмазбек Атамбаев экспертизага баруудан баш тарткан.

Бул окуяга учурда юристтер ар кандай бааларын берип жатышат. Биз “Күн чекит” программасында бул тууралуу юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашевдин пикирин уктук.

Марал: — Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин психикалык саламаттыгын текшериш керек деген токтому чыккан. Бирок ал текшерилүүдөн баш тартты. Негизи, бул кадамды ИИМ мыйзамга таянып жасап атат, сиздин оюңуз боюнча бул аракеттер канчалык деңгээлде туура болду экен?

Бекбосун Бөрүбашев: — Эгер, чынында, оор жана өтө оор кылмыштар боюнча шектелген жарандар психиатриялык экспертизадан өтүшү керек болсо, анда жалгыз эле Атамбаевди эмес, башка шектүүлөрдү да текшериш керек. Кыргызстанда Атамбаевден тышкары 6 млн калк бар. Эгерде ал кишинин (Атамбаевдин) оорусу болсо, экспертизадан өтүп койсун. Андан эч нерсе деле болуп кетпейт. Атамбаев Кыргызстанды 6 жыл башкарып, ачуу сүйлөгөн күндөрү да болду. Ар кандай жагдайлар болуп кетти. Бирок бийликтин акыркы кадамдарына караганда, ал кишини бошотолу деп калышкан окшойт деген ойдо болуп жатам.

Марал: — Экспертиза оңунан чыгып, Атамбаевдин психикалык саламаттыгы жакшы эмес деген жыйынтык чыкса, ага карата көрүлгөн жазада кандайдыр бир жеңилдиктер болушу мүмкүнбү?

Бекбосун Бөрүбашев: — Бул жөн жерден эле башталган жок да. Менин жеке жарандык оюм боюнча, справка керек болуп жатса керек. Анткени буга чейин Атамбаевдин психикалык жактан жабыркаганын уккан-көргөн жокпуз. Албетте, сүйлөп койгон жагы бар, бирок сөздү айта бересиң да. Ошондуктан менин жеке оюмда, Атамбаевди психикалык саламаттыгын текшерип туруп, врачтардын «оорулуу» деген тыянагы менен аны үйүнө дарылоо шартында чыгарышы мүмкүн. Акыры ошондой жыйынтык чыгат окшойт.

Марал: — Мыйзам боюнча оор жана өтө оор кылмышка шектүүлөргө ушундай экспертиза дайындаларын ИИМ мыйзамга таянып айтып жатат. Эл аралык практикада мындай жагдайлар бар болду бекен?

Бекбосун Бөрүбашев: — Кыргызстандагы эле жагдайды айтсам, бизде көпчүлүк мамлекеттик кызматта жүргөндөр камалгандан кийин эле саясий туткун боло калышат. Акча уурдап кармалса да, башка иш менен кармалса да саясий жагдайга шылтап калышат. Эми жазадан качуунун экинчи этабы катары, «акыл-эсине доо кетиптир» деген жагдайларды колдонууга өтүшөт окшойт. Ошондуктан менин божомолумда өлкөдө саясий туткундарды күнөөдөн куткаруунун экичи жолу пайда болуп жатат окшойт.

Марал: — Айрым юристтер муну «ачыкка чыгарбай эле текшериш керек болчу» деп дагы айтып  атышат, сиздин оюңуз боюнча бул кандай болушу керек эле ?

Бекбосун Бөрүбашев: — Моралдык жактан да, юридикалык жактан да алып караганда, экспертизаны жүргүзүп, корутунду чыккандан кийин жарыялаш керек эле. Ал камакта отурат, баары бир Атамбаев алардын колунда да.

 

Copyright © 2017 Maral FM