Биз менен байланышыңыз

Бажы шарттарын 3 млн 539 миң сомго бузуу фактысы аныкталды  

Кыска кабар | 10 Дек 2019 | 494 | 0

Евразия экономикалык биримдигинин бажы мыйзамдарын бузуу фактыларын табууга жана бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө Түштүк-Батыш бажысынын кызмат адамдары менен чектеш мамлекеттерге 1101,5 тонна техникалык майлар жана 1051,9 тонна кокс (мунайзаттын кайра өндүрүлгөн продуктусу) кайра иштетилүүчү продукциясын мыйзамсыз ишке ашыруу жолу менен “М.Т.К.” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан “бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү” бажы жол-жоболорунун шарттарын бузуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 3 млн 539 миң 299 сомду түздү.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин Маалыматтарды эсепке алуу журналында катталган. Чогултулган материалдар мыйзамдарга ылайык чара көрүү үчүн тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM