Биз менен байланышыңыз

Бишкекте улуттук каада-салт, үрп-адатты даңктаган акция башталды

Кыска кабар | 9 Дек 2019 | 539 | 0

Бишкекте жарандык активисттер Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинде болгон көргөзмөгө карата пикирин билдирип, “Белгилүү маршрут” аттуу акцияны өткөрүп жатышат. Алар “Чечинбе, уят!” деген чакырыктын астында чогулушту. Демилгечилердин айтымында, алар автобус менен баш калааны айланышып, чоң соода борборлорунда, эл чогулган жайларда эл менен пикирлешет.

Демилгечилер кыргыздын маданиятын, үрп-адат, каада-салтын даңктоо менен, жаштарды коомго терс көрүнүштөрдөн оолак болууга чакырат. Акция эртең жыйынтыкталып, бул боюнча атайын резолюция кабыл алынат.

Уюштуруучулардын айтымында, улутун ойлогон Курманжан датка эненин касиетин алып жүргөн апалар улут үчүн келишкен. Мындан сырткары, кыргыз уулу Сүймөнкул Чокморовдун бир тууган жеңеси Карачач апа да наасат кебин айтуу үчүн “Белгилүү маршрут” акциясына кошулганын билдиришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM