Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 421 мүчөсү менен 3 уюшкан кылмыштуу топ бар

Кыска кабар | 5 Дек 2019 | 1815 | 0

ИИМдин ыкчам каттоосунда 3 уюшулган кылмыштуу топ бар, алардын катарында 421 жаран мүчө. Бул тууралуу Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев парламенттин жыйынында маалымат берди.

2019-жылдын 10 айында жалпы 126 миң 774 кылмыш жана жорук катталды, анын ичинен 1132 факты оор кылмыштар, 105и өтө оор кылмыштар болуп эсептелет. 9524 иш сотко жөнөтүлүп, 78 миң 223 иш кыскартылган.

Уюшкан кылмыштуу топтун 421 мүчөсү каттоодо турат. 136 мүчөсү кармалып, алардан ок атуучу куралдар алынган. Издөөдө жүргөн 13ү кармалган.

Жогорку Кеңеште  «Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы боюнча өкмөттүн маалыматы угулууда.

Copyright © 2017 Maral FM