Биз менен байланышыңыз

Мавлянова: Кыздардын укугун маданиятыбызга жат келбеген жолдор менен коргойлу

Кыска кабар | 5 Дек 2019 | 774 | 0

Кыргызстан эгемендүүлүккө оңой эле жетишкен жок. Ата-бабаларыбыз кылымдар бою өмүрүн, канын берип эгемендүүлүккө жетишкенбиз. Тилеке каршы, эгемендиктин кадырына жетпей отурабыз. Мындай пикирин депутат Махабат Мавлянова ЖКтин жыйынында баяндама жасап жатып билдирди:

-Калкыбыз өзгөлөрдөн тилибиз, маданиятыбыз, улуттук баалуулуктарыбыз, каада-салтыбыз, нарк-насилибиз менен айырмаланып турат. Бул баалуулуктарыбызды кийинки муунга жеткирүү — жогорку кызматта иштеген, иштеп кеткендерден баштап, жөнөкөй жарандарга чейинки баарынын парзы, милдети деп ойлойм. Элибиз башка хандыктардын курамында болуп жүргөн кезде деле каада-салтыбызга, тилибизге, маданиятыбызга бүгүнкүдөй төмөн деңгээлде кыянатчылык, саткынчылык кылган эмес,”-деди эл өкүлү.

Ошондой эле, ал мамлекет маданиятын жоготпоого милдеттүү экендигин кеп кылды:

“Мамлекетибиз экономикалык өнүгүүнүн туу чокусуна жетип, күндө космоско бирден корабль учура турган илимий техниканын жетишкендиктерин өздөштүрүп, бүт айылдар жоюлуп, шаарга айланып, “мырк” эмес шаардык болуп калган күндө да, глобализациянын тескери көрүнүштөрүнө туруштук берип, улутубуздун баалуулктарын жүрөгүбүзгө бекем кармап, жазылбаган, каныбызга сиңген улуттук каада-салтыбызды сактап, аткарууну үйрөнүшүбүз зарыл. Кыргызстандын өсүп өнүүгүүсүнө тоскоолдук жараткан бир нече факторлор бар. Алардын катарында: түндүк-түштүк, урук-уруу, трайбализм факторлору. Булар аз келгенсип, эми шаардык-айылдык факторлорду жарыялап тургандар туура эмес кылып жатышат. Бизге батыш, чыгыш элинин жана башкалардын маданиятын таңуулагандын кереги жок” деген депутат мындай аракеттерди токтотууга чакырды.

Ал буга кошумча эл өкүлдөрүнө кайрылып, зордук-зомбулук менен күрөөшүүдө, кыргыздын маданиятына жат келбеген жолдор менен күрөшсө болорун эске салды. Буга кошумча кийимсиз искусствону элдин баары түшүнөрүн белгилеп, булардын кыргыз элинин нарк-насилине туура келбей тургандыгын кошумчалады. Муну менен катар улуттук идеологияны күчөтүүдө министрликтер, парламент эл менен чогуу иш алып баруусу керектигин белгиледи.

Эске сала кетсек, экс президент Роза Отунбаева коомдук иш-чаралардын биринде борбордо элеттен келгендердин көбөйгөнүн, бирок алардын маданий деңгээли же жүрүм-туруму коомду артка тартып жатканын айткан. Ал Бишкекте өткөн феминисттик көргөзмө айрым бир патриоттук топтордун басымы астында жабылып калганын сындап, бул көргөзмөнү жаптырып салууну “караңгылык” жана “түркөйлүк” деп баалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM