Биз менен байланышыңыз

«Кумтөрдүн» жоголгон кызматкерлеринин болжолдуу жери аныкталды

Кыска кабар | 3 Дек 2019 | 703 | 0

“Кумтөр” кенинде дайынсыз жоголуп жаткан эки кызматкерди издөө үчүн жеринде 16 оор техника иштеп жатат. Өкмөттүн маалымат кызматы учурда издөө иштерине альпинистердин да тартылганын кабарлады.

Кескин түрдө жылган үйүлгөн жараксыз катмардын жалпы аянты: узуну — 450 метр, туурасы — 570 метр, бийиктиги — 50 метр, жалпы көлөмү — 12,825,000м3ду түзөт.

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын тоо-кен адистери чалгындоо иштерин жүргүзүп, коркунуч туулган жерлерге атайын приборлорду орнотуп, тактап жатышат.

Дайынсыз болуп жаткан эки адам жоголду деген болжолдуу аянт аныкталып, учурда ал жерди техника менен жылдырып жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM