Биз менен байланышыңыз

«Зилалиев кабыл алган чечимди жокко чыгарып, кендердеги көзөмөлдү күчөтүү зарыл»

Кыска кабар | 3 Дек 2019 | 512 | 0

Кыргызстандын тоо-кенчилер жана геологдор ассоцациясынын мурунку төрагасы, тоо-кен боюнча адис Дүйшөнбек Камчыбеков «Кумтөр» кениндеги жараксыз катмардын кескин жылып кетүүсү күтүлбөгөн жагдай экенин белгилейт. Ал: «Кумтөрдүн тийиштүү кызматкерлери ага мониторинг жүргүзүп турушу зарыл болчу», — деп эсептейт.

Анын пикиринде, катмарды жайгаштырууда ката кеткен болушу ыктымал. Эми окуя боюнча мамлекеттик комиссия түзүп, тийиштүү иликтөө иштерин жүргүзүү керек. Комиссиянын курамына тоо-кен тармагынын адистери сөзсүз тартылышы шарт экендигин айтат:

— Мисалы, ӨКМ көчкү жүрүү коркунучу бар жерлерде алдын ала иш-чараларды жүргүзүп келе жатат. Бул жерде да ушул сыяктуу чара колдонуу зарыл болчу. Мурда тоо- кен тармагында иш жүргүзгөн ар бир компания тоо иштерин өнүктүрүү боюнча план түзүп, комитеттин адистеринин алдында далилдеген соң, тийиштүү экспертизадан өткөн соң комитет планды бекитеп берер эле. Компания ошонун негизинде иш алып барчу. Тилекке каршы, Дүйшөнбек Зилалиевдин убагында башаламандык болуп, мындай тартипти жоюп салышты. Эми мамлекеттик деңгээлде кайра өкмөт тарабынан Зилалиев кабыл алган чечимди жокко чыгарып, көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Балким, «Кумтөрдүн» тоо иштерин өнүктүрүү боюнча планы текшерилгенде кендин жараксыз катмары жылып кетмек эмес». 

Адистин баамында бир гана алтын казууда эмес, башка тоо-кен тармагында иштеген адамдардын да коопсуздугу сакталган эмес.

—  Тилекке каршы, кооптуу маселелер болуп кеткен соң гана чуркап калабыз. Көмүр казуу тармагында да көйгөйлүү маселелер абдан көп. Канчалаган адамдар жер астында калып калууда. Анын алдын алуу үчүн алгач жергиликтүү бийлик тийиштүү чараларды иштеп чыгып, көзөмөлдү күчөтүшү керек. Болбосо мындай иштер улана берет. 

Эскерте кетсек, «Кумтөр» кенинде эки кызматкер жумуш учурунда көчкүнүн астында калган. Аларды атайын түзүлгөн топ эки күндөн бери издеп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM