Биз менен байланышыңыз

Тажик чиновниктерин кышкы суукта жеңил көйнөкчөн күткөн окуучулар (фото)

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Дек 2019 | 732 | 1

Тажикстандын түштүк тарабындагы Темурмалик районунда ветеринардык дарыкананын ачылыш аземиндеги сүрөттөр социалдык тармактын колдонуучуларынын арасында нааразычылык жаратты.

Сүрөттө акимди тосуп чыгуу үчүн жайкы, жука улуттук кийимин кийип чыгышкан мектеп окуучулары көрсөтүлгөн. Аким Фотех Аминзода өзү жана аны коштоп жүргөндөрдүн жыл мезгилине жана аба-ырайына ылайык кийингени көрүнүп турат.

Темурмалик районунун жаштар иштери боюнча бөлүмдүн жетекчиси Аслиддин Айниддин Фейсбуктагы баракчасында жүктөлгөн сүрөттөр «Кошоматчылык», «Балдарды аясаңар боло» деген тариздеги терс комментарийлер менен коштолгондуктан, сүрөттү баракчанын ээси кайра өчүрүп салган.

Райондук акимчилиги мектеп окуучуларынын жергиликтүү башкармалыкты тосуп алуу үчүн өз эрки менен келишкендигин белгилеген.

1 пикир

1 пикир

  1. Эсенбай

    02.12.2019 19:01

    Бет жок чиновниктерде

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM