Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Өзбекстандын туңгуч президенти Каримовдун эстелигине гүл койду (сүрөт)

Кыска кабар | 29 Ноя 2019 | 605 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, Ташкент шаарында Борбордук Азиянын мамлекет башчылары жана делегациялары менен биргеликте Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун эстелигине гүл койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбековдун, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун, Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жана Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин биргелешкен гүл коюу аземи Ислам Каримов атындагы илимий-билим берүү мемориалдык комплексинде болду.

Ошондой эле алар «Куксарой» резиденциясынын Ардактуу коноктор аллеясында биргелешип бак отургузушту.

Эске салсак, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстандын президенттери жана Казакстандын туңгуч президенти бүгүн, 29-ноябрда, Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусуна катышышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM