Биз менен байланышыңыз

28-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 27 Ноя 2019 | 493 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 28-ноябрда Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: -8….-13… күндүз: -1…..-6 C;

Талас облусунда

түнкүсүн: -10…..-15….күндүз: -1…..-6°C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында

түнкүсүн: -2……-7….күндүз: 3…..8°C

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: -3…..-8….күндүз: 0……5°C

Нарын облусунда

түнкүсүн: -9….-14…..күндүз: -1…..-6°C

28-ноябрда Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -10……-12 C, күндүзү -1…..-3°C.

Copyright © 2017 Maral FM