Биз менен байланышыңыз

Бала асырап алуунун жолу жеңилдетилди

Коом | 25 Ноя 2019 | 1587 | 0

Бала асырап алууда тиешелүү документтерди чогултуу жолу жеңилдетилип, бала асыроону каалаган адам электрондук түрдө арыз жазып, дароо жообун алса болот. Ал эми атайын кызматкерлер бала асыроого керектүү документтерди чогултуп беришет.

Бактыгүл Орозова бала багып алууга ниеттенип, документ тапшырып жүрөт. Ал бир топ убакыттан бери ар кайсы мекемелерге барып, керектүү маалымкаттарды чогултуп жүрөрүн айтты:

Мен бир айдан бери бала асырап алууга документтерди чогултуп жүрөм. Бир канча мамлекеттик мекемелерге бардым, ал жактардан кайра башка мекемелерге жиберет. Электрондук түргө өткөрүлөт деп жатыптыр. Эгер электрондук түргө өтсө, жакшы болот.

Эми бала асырап алууну каалаган ата-энелер үчүн жакшы жаңылыктар бар. Себеби Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги бала асырап алуунун жол-жобосун оңойлоштурду.

Жарандар электрондук түрдө, уюлдук телефон аркылуу бала багып алууга арыз калтырат. Ал арызга 7 күндүн ичинде жооп алса болот. Мурда жооп 14 күндүк мөөнөттө келчү.

Биометрикалык паспорту менен каттоодон өтүп, керектүү маалыматтарды кызматкерлерден сурап алса болот.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова бала асырап алуунун жол–жобосу тууралуу маалымат берди. Учурда кызматкерлер атайын окутулуп жатканын айтып, ошондой эле жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүрө турганын айтты:

-Бала асырап алууда, электрондук түрдө арыз жазып, кезекке турса болот. Көпчүлүк маалымкаттарды чогултуу үчүн көп убакыт короторун айтышат. Ошондуктан биздин кызматкерлер ошол маалымкаттарды мамлекеттик органдардан өздөрү чогултат. Мүмкүн болушунча, жарандарга шарттарды түзүүгө аракет кылдык. Андан сырткары, бул жаата атайын кызматкерлер окутулат. Ал эми биздин кызматкерлер региондорго барып, жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. 

Учурда маалыматтык базада асырап алууга 250 бала көрсөтүлгөн. Ошондой эле, базада бала багып алабыз деген 300 ата-эненин арызы катталган.

Министрликтин үй-бүлө, балдарга колдоо көрсөтүү жана мамлекеттик төлөмдөр боюнча башкармалыгынын жетекчиси Самаган Асанов  буга чейин асырап алуунун процедурасы элге оордук жаратып келгенин айтты. Бала кимдин колунда болбосун, 18 жашка чейин мамлекеттин көзөмөлүндө боло турганын билдирди:

-Бала асырап алам деген жарандар жергиликтүү органдарга барып, бир топ документтерди чогултуп, көп убактысын кетиришчү. Эми жаңы токтомдун негизинде жарандардын иши жөнөкөйлөштүрүлдү. Алгач биологиялык энесине тапшырганга аракет кылабыз, андан соң фостердик үй-бүлөгө тапшырабыз, ал да болбосо чет элдик бала асыроочу жарандарга беребиз. Чет өлкөдөн бала тууралуу отчет берилип турат, бала 18 жашка чейин биздин көзөмөлүбүздө болот.

Тиешелүү адис арыз ээсинин жашаган жерине барып жашоо-тиричилигинин деңгээлин текшерип, ошого жараша акт түзүлөт.

Тизмеге туруу үчүн электрондук түрдө арыз жазат. Бир жумадан соң, өзүнө сайт аркылуу кызматкерлер жооп бере турганын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Максат Жылышбаев төмөнкүчө билдирди:

-Тандап алуунун тизмесине жөн гана электрондук түрдө арыз жиберет, бир жуманын ичинде кызматкерлер арызга жооп беришет. Иштин жүрүшү бир топ жеңилдейт, себеби жарандар уюлдук телефону аркылуу эле арыз жөнөтсө болот. 

Министрликтин маалыматында, баланы асыроого Кыргызстандан ата-эне табылбаган учурда гана чет өлкөлүк жарандардын асырап алууга мүмкүнчүлүгү болот. Аларга уруксаат соттун чечими аркылуу берилет. Балдардын тагдыры ошол өлкөлөрдөгү консулдук жана элчиликтин көзөмөлү астында болот.

Айта кетсек, үй-бүлөнүн кирешеси, соттолбогондугу тууралуу маалымкат, кайсы кызматта иштегени, медициналык аныктама, турак-жай менчигине ээлик кылуу укугу жана башка жагдайлары да каралат. Ушул процедуралар аткрылган соң, ата-эне асырап ала турган бала менен таанышат.

Copyright © 2017 Maral FM