Биз менен байланышыңыз

Молдокматов: «Күч органдары президентке саботаж кылгандай…»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Ноя 2019 | 555 | 0

«Күч органдары президентке саботаж кылгандай. Алсак, ИИМ өлкөдө уюшкан кылмыштуу топ жок экенин, ал эми Бажы кызматы бажыда коррупциянын жоктугун айтууда». Мындай пикирин «Замандаш» саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, күч органдары баарын тергеши керек. Бирок өкмөт унчукпай жатат. Мындан улам, өкмөттүн отставкасын талап кылуу — туура маселе.

Кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия окуяга саясий баа берет. Экинчиден, бул жерде парламенттин да жоопкерчилиги бар болгондуктан депутаттык комиссия керек.

-Бирок коомчулук депутаттык комиссияга ишенбейт. Анткени парламенттин өзүнө да элдин ишеними абдан төмөн. Бир адам эмес, коррупциялык схемалар менен күрөшөбүз десек, мамлекеттик комиссия түзүү кажет. Бирок азыр анын анчалык зарылчылыгы жок. Парламентте оппозиция жокко эсе, ошондуктан депутаттык комиссиялар түзүлүп жатат, — дейт Молдокматов.

Copyright © 2017 Maral FM