Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: «Мугалимдер эң сыйлуу адамдар болушу керек»

Кыска кабар | 25 Ноя 2019 | 639 | 0

«Мугалимдер эң сыйлуу адамдар болушу керек», — деп президент Сооронбай Жээнбеков «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде билдирди. Президенттин кенен форматтагы маеги анын инаугурациясынын эки жылдыгына карата жарыяланды.

Өлкө башчы мугалимдердин санаасы тынч болсо, балдарга да жакшы билим берери тууралуу айтып, төмөнкүдөй фактыларды мисалга келтирди:

-Ушул жылдын 1-октябрынан тарта билим берүү тармагындагы 120 миң кызматкердин маянасы 30 пайызга жогорулады. Жумасына 20 саат менен иштеген мугалим буга чейин 12 миң сом айлык алып келсе, эми анын маянасы 18 миң сомго чейин көтөрүлдү, — деп белгиледи өлкө башчысы.

Ал ошондой эле, дарыгерлердин да айлык акысы көтөрүлгөндүгүнө токтолду:

«2011-жылдан бери көтөрүлбөй келаткан медиктердин айлыгын былтыр үй-бүлөлүк врачтарга жогорулатканбыз. Быйыл башка адистиктеги медициналык кызматкерлердин да айлыгын 30 пайызга жогорулаттык», — деди мамлекет башчысы.

Президент андан тышкары, 2020-жылдан тарта катардагы милиция кызматкерлеринин айлык акысы дагы жогорулай тургандыгын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM