Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жемкорлукка каршы тынчтык митинг өтөт

Кыска кабар | 23 Ноя 2019 | 843 | 0

Бишкекте 25-ноябрь күнү Ак үйдүн жанында коррупцияга каршы тынчтык митинг өтөт. Бул тууралуу социалдык тармактар аркылуу жарандык активисттер жарыялашты.

Алар жарандарды өлкө келечеги, жаш муундун эртеңки күнү үчүн жемкорлукка каршы туруу, кайдыгер болбоого чакырышат.

Белгилей кетсек, 21-ноябрда Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупциялык фактылар, ага Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов жана анын туугандарынын тийиштигин ачыктаган журналисттик иликтөө жарыяланды. Коомчулук андагы фактылардын негизинде бийликтин чара көрүүсүн талап кылышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM