Биз менен байланышыңыз

Трамп Гонконгдун 14 мүнөттө ойрон болуусуна жол бербей турганын айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Ноя 2019 | 380 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп Кытайдын миллиондогон аскерлери Гонконгго кирүүгө даяр экенин, бирок ал Кытай лидери Си Цзиньпинден кытай аскерлеринин мындай аракеттерге барбоосун өтүнгөнү үчүн алар ордунан козголбой турганын билдирди.

Трамп Fox News телеканалына берген маегинде:

-Эгерде мен болбогонумда Гонконг 14 мүнөттө ойрон болмок. Анда (Си Цзиньпин) Гонконгдун босогосунда кытайлык миллион аскер даяр турган болчу. Аларга мен телефон чалып: «Өтүнүч, мындай кылбагыла. Силер чоң жаңылыштык кетиргени турасыңар, бул соода келишимдерине олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн» дегеним үчүн ордунан жылбай туруп калышты, — деп айткан.

Гонконгдун эли эмнеге нааразы же мунун аягы кандай болот?

Кытай жана Америка Кошмо Штаттары 16 айдан бери «соода-согуш» режиминде. Эки өлкө бир нече ирет бири-биринин товарларына бажы алымдарын жогорулаткан.

Кытай АКШны Гонконг маселесине аралашпоого чакырды

Гонконг эли экстрадициялоо мыйзамына киргизилген түзөтүүлөргө каршылык кылып, июнь айынын башынан бери байма-бай митингдерге чыгып келет. Мыйзамдагы түзөтүүгө ылайык, Гонконг бийлиги кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүү боюнча макулдашкан.

Жалпы каршылыктан соң, бийлик бул мыйзамдык документти парламенттен биротоло кайтарып алган. Ага карабастан, демонстранттар нааразычылык акцияларын токтотушкан эмес. Алар Бээжиндин саясатынан чыкпаган бийликтин отставкасын, буга чейинки калайман каршылыкта камалгандардын бошотулушун талап кылып жатышат.

Гонконг полициясы демонстранттарга каршы суу бүркүп, көздөн жаш агызуучу газдарды колдонуп келет. Акция уланган 5 айдын ичинде «мыйзам бузду» делген 4,5 миңден ашуун катышуучу кармалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM