Биз менен байланышыңыз

«Матраимовдун жубайы Дубайдан жер тилке жана батир сатып алган»

Кыска кабар | 22 Ноя 2019 | 3371 | 0

«Азаттык» радиосу жарыялаган иликтөөдө бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун аялы жана аты көпчүлүккө белгилүү эмес Хабибулла Абдукадырдын үй-бүлөсү бизнес өнөктөштөр экенин тастыктаган документти таап чыгышкан. Анда алар Дубайда кыймылсыз мүлккө ээлик кылганы тууралуу айтылат. 

-Курулушу быйыл жыл соңунда аяктайт деп пландалган, ар кыл максатта колдонула турган бул имарат тургузулган жер тилкесин Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова сатып алган. Ал дагы бир жер участоктун жана шаардагы батирдин ээси. Колго тийген документтерге ылайык, Тургунова бул мүлктү 2015 жана 2017-жылы кеминде 12,5 миллион долларга сатып алган.

Тургунова эки жер тилкесин «Жумейра Виллэдж Сөркл» (Jumeirah Village Circle) районунан алган. Эмираттын транспорт толтосунда турган аймакта виллалар менен таунхаустардын көбү курулуп жатат. Батирди болсо «Жумейра Биич Резиденси» (Jumeirah Beach Residence) районундагы курулушу быйыл жыл соңуна чейин аяктоочу үйдөн алган, — деп жазылат макалада.

Анда айтылгандай, адистер түзүп чыккан кыймылсыз мүлктүн жана турак жайдын маалымат базасы «C4ADS» аттуу коммерциялык эмес топтун колуна тийген жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбооруна» (OCCRP) берилген. Бул база турак жай качан алынганын көрсөтпөсө да, анда кыймылсыз мүлктүн жайгашкан жерин, ээси менен байланышууну жана көп учурда турак жайдын баасын да камтый тургандыгы иликтөөдө айтылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM