Биз менен байланышыңыз

Сулайманов: «Саймаитиге депутаттарды байланыштыргандар көбөйдү»

Кыска кабар | 21 Ноя 2019 | 793 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Кытай жараны Айеркен Саймаити менен байланышы бар адамдарды аныктоо үчүн депутаттык комиссия түзүү керек. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов парламент жыйынында билдирди.

Анын пикиринде, Саймаити менен бир топ депутаттарды, анын ичинде өзүн ага байланыштырып, каралоо жүрүп жатат.

Саймаитинин өлүмү коомчулукта көп сырды, жаңы нерселерди ачып жатат. Ошого байланыштуу депутаттарды, анын ичинен мени да каралаган күчтөр көбөйдү. Бул коомдун көңүлүн башка жакка алаксытуу аракети болуп жатат. Кандайдыр бир күчтөр элдин көңүлүн башка жакка бурууга аракет кылууда. Ошондуктан Саймаити ким, Кыргызстанга качан келген, кыргыз паспортун кантип алган, ал кимдер менен жакын, кимдер менен душман болгон деген жагдайларды иликтеп чыгууну сунуштайм. Бул үчүн депутаттык комиссия түзүп, Түркиянын тергөө органдары, парламенти менен чогуу иш алып баруу керек.

Сулайманов депутаттык комиссия Түркиянын парламенти жана тергөө органдары менен чогуу иштеши керектигин, Саймаитинин Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн толук аныктап чыгуунун зарылдыгын айтты.


Айеркен Саймаити КР паспортун кантип алганы айтылды


Кытай жараны Айеркен Саймаити Стамбул шаарында өлтүрүлгөн. Ал Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков менен байланышы бар экени маалым болгон. Ошондой эле, ал Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз түрдө алганы аныкталган.

Ал эми мурдагы башкы консул Эркин Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн Тышкы иштер министрлиги жумушчу топ түзүп, иликтей баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM