Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: 20- 24- ноябрга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыска кабар | 18 Ноя 2019 | 751 | 0

20-ноябрдан 24- ноябрга чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-ноябрда эртең менен жана күндүз жана 21-24-ноябрь күндөрү мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 20-21-ноябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

21-27-ноябрь күндөрү болсо абанын температурасы кескин төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11° суук болуп, күндүз -2…-7°ка жетет, Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10° суук болуп, күндүз 0…-5°, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -8…-13°суук болуп, күндүз -4…-9°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12° суук болуп, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15° суук болуп, күндүз -1…-6°, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17° суук болуп, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°суук болуп, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып үзүлүү коркунучун алып келет.

Copyright © 2017 Maral FM