Биз менен байланышыңыз

2020-жылдан кошумча нарк салыгын төлөө электрондук эсеп-фактураларга өтөт

Кыска кабар | 18 Ноя 2019 | 455 | 0

2020-жылдан тартып бардык кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр жана импорттук-экспорттук операцияларды жүзөгө ашыруучу субъекттер милдеттүү түрдө электрондук эсеп-фактураларды колдонууга өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Салык кызматы электрондук эсеп-фактураларды колдонууга өтүүгө күн мурунтан даярданууга чакырат. Бул үчүн алар электрондук документ түрүндө эсеп-фактураны колдонуу боюнча пилоттук долбоорго кошула алышат. Мындан тышкары, алдын ала квалификациялуу электрондук кол тамга алыш керек.

Электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор Кыргызстанда ушул жылдын 1-июлунан тартып ишке киргизилип, жыл аягына чейин иштейт. 2020-жылдан тартып электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча милдет жогоруда көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөргө жүктөлөт.

Copyright © 2017 Maral FM