Биз менен байланышыңыз

Түркия «ИМ» террордук тобуна байланыштуу 23 Кыргызстандыкты депортациялайт

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Ноя 2019 | 543 | 0

Түркия бийлиги «Ислам мамлекети» террордук уюмуна (тыюу салынган уюм) тийиштиги бар чет өлкөлүк жарандарды мекенине кайтарууну көздөп жатат. Депортация тизмесинин арасында 23 кыргыз жараны бар. Бул тууралуу hurriyet.com сайты жазды.

Маалыматка ылайык, «Ислам мамлекетине» байланыштуу кармалгандар боюнча тизмеде 34 өлкөгө тийиштүү 959 жаран болгон. Алардын ичинен эң көбү, Ирак (296), Сирия (273), Орусия (99) жана Өзбекстан (82) өлкөлөрүнөн. Ошондой эле Азербайжан (29), Кыргызстан (23), Тажикстан (21) жана Германия (17), Украина (4) өлкөсүнүн жарандары бар.

Буга чейин Туркия 11-ноябрдан баштап «Ислам мамлекети» террордук тобунун мүчөлөрүн депортацияларын билдирген.

Ал эми ТИМдин айтымында, азырынча кыргыз жарандары депортацияланат деген маалымат жок. Бул тууралуу Кактус Медиа жазды. Депортация тууралуу маалымат ММК тармагында жайылган соң, Түркиянын органдарына кыргыз тараптан кат жолдонгон. Жооп али келе элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM