Биз менен байланышыңыз

Эмгек жана социалдык өнүгүү министирлиги «Тумар Манифестин» колдойт

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Ноя 2019 | 1025 | 0

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги «Балдарды зомбулуктан коргоо» боюнча «Тумар Манифестин» колдойт. Бул тууралуу маалыматты аталган министрликтин үй-бүлөгө жана балдарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Назгүл Чолумова “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Эмгек жана социалдык өнүгүү министирлиги ЮНИСЕФ фондунун балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу максатында демилгелеген улуттук чакырыгын колдоп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

“Учурда 8 миңдей кол чогулса, жыл соңуна чейин мындан да көп кол чогултууга аракет кылабыз”, — дейт Чолумова.

Марал радиосу UNICEF Kyrgyzstan менен биргеликте «Балдарды зомбулуктан коргоо» боюнча «Тумар Манифестин» колдоп, бүгүн РадиоМарафон өткөрүүдө.

Сиз дагы балдардын зомбулукка кабылышына каршы болсоңуз, анда онлайн петицияга кошулуу үчүн шилтеме аркылуу кирип, кыска анкетаны толтурууңузду өтүнөбүз:
https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/тумар-балдарды-коргоо

 

Copyright © 2017 Maral FM