Биз менен байланышыңыз

Уланбек Эгизбаев сыйлыгына материалдарды кабыл алуу сынагы жарыяланды

Кыска кабар | 14 Ноя 2019 | 445 | 0

«Журналисттик иликтөөлөр фонду» Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкка материалдарды кабыл алуу сынагын жарыялады.

Сынактын максаты – Кыргызстанда иликтөө журналистика жанрынын өнүгүүсүнө, ошондой эле коррупциялык схемалар менен мыйзам бузууларды ачыкка чыгаруу жана ага бөгөт коюу фактыларын чагылдырууга багытталган демилгелерди колдоого багытталган.

Конкурска журналисттик иликтөө жүргүзгөн медиа тармагындагы журналисттер, уюмдар, эркин журналисттер, жарандык активисттер, блоггерлер, студенттер дагы башка кызыктар тараптар катыша алат.

Конкурска катышчулардын сунуштамасы орус жана кыргыз тилдеринде берилип, анда: конкурска сунушталган материалдын кыскача аннотациясы жана шилтемеси болушу зарыл.

Конкурска 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жарыяланган материалдар гана алынат.

Сунуш кылынган материалдарды тандап алуунун негизги чен-өлчөмдөрү:

  • актуалдуулугу, журналисттик иликтөө темасынын масштабы;
  • иликтөөнүн конкреттүү жагдайдын жакшыруусуна тийгизген таасири;
  • кесиптик деңгээли;
  • атуулдук кадыр-баркы.

Сыйлык фонду 100 миң сом. Конкурстун жеңүүчүлөрү акчалай сыйлык, атайын сый белги, ошондой эле дипломдор менен сыйланышат. Толугураак маалыматты journalist.kg сайтынан алууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM