Биз менен байланышыңыз

Бишкекте таштанды ылгоочу заводдун курулушу качан аяктары айтылды

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Ноя 2019 | 481 | 0

Бишкекте бир айдын ичинде таштандыларды ылгоочу заводду кура турчу компания аныкталат. Заводдун курулушу 2021-жылы аяктайт. Бул тууралуу мэриянын турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын башчысы Нурлан Касымов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда таштандыларды ылгоочу завод куруу боюнча 3 компаниянын ортосунда конкурс жүрүп жатат. Бир айдын ичинде тандоо болот.

Долбоорго ылайык, компания заводду 660 күндүн ичинде куруп бүтүшү керек. Ал эми таштандыларды кайра иштетүүчү фабриканы куруунун долбоору 2015-жылы башталганын эске салды.

Айта кетсек, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, өлкө боюнча  ушу тапта 16,5 млн. тоннадай таштанды бар. Бирок Кыргызстанда таштандыларды кайра иштетүүчү ишкана жок.

Бишкек мэриясы ушул жылдын апрель айында таштанды ылгоочу жана кайра иштетүүчү завод курууга тендер жарыялаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM