Биз менен байланышыңыз

Кытайлар иштеткен компаниялар текшерилди

Коом | 15 Янв 2019 | 1551 | 0

Жарандык активисттер менен журналисттер Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү «Жунда» заводунун иши менен таанышып келди.

Жарандык активисттер менен журналисттер  чет өлкө жарандары иштеткен компанияларлардын иши менен таанышты. Анда чет өлкөлүк жарандардын документтери, сырттан келген жумушчулардын уруксат кагаздары текшерүүгө алынды.

Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү «Жунда» заводунда кытайлардын саны так айтылды.  Бүгүнкү күнү заводдо миңден ашык жумушчу бар. Анын 303 Кытай Эл Республикасынын жарандары түзөт. Алар компания менен келишимдик негизде иш алып барат жана көпчүлүгү технология жагында экенин заводдун башкы директорунун убактылуу милдетин аткаруучу Алтынбек Садырбаев маалымдайт.

Кытай жарандары 300 тегерегинде иштейт. Алардын басымдуу бөлүгү технология жаатында эмгектенет. Ошондуктан бул жерде жогорку билимдүү, тажрыйбасы бар кытайлар иштейт. Жергиликтүү тургундардын саны 670. Биздин заводду өкмөт тараптан текшерүүлөр абдан көп. Андыктан мыйзамсыз кытайларды алып келүү бизге дагы эч кандай пайдасы жок. Кыргызстандагы чоң завод болуп туруп, өз имиджибизди булганып калбашына биз дагы кызыктарбыз.

Буга чейин 7-январда Бишкекте кытайларга каршы митинг өткөн. Анда жарандык активисттер өлкөгө мыйзамсыз кирген кытайлардын саны көп экенин айтып, алардын документтерин текшерип чыгуу талабын коюшкан. Миграция кызматы өткөн жылы Кыргызстанда иштөө тууралуу 16 миң  400 квотанын 12 миң 600ү толгонун билдирет. Анын 9 миңин кытай жарандары алган.

Үстүбүздөгү жылы чет өлкө жарандарын жумушка алуу боюнча жаңы тартип киргени турат. Эми сырттан келип иштегендер уруксат кагазын 15 эсе кымбаттаганын кызматтын чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Кудайбергенов эскертти.

Азыркы күнгө чейин Кыргызстанга келип ишгеген чет өлкөлүк жарандар жылына 2 миң сом төлөшөт.Ошонун негизинде Миграция кызматы жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Анда 2 миң сомдун ордуна 30 миң сом төлөп калышат. Тийиштүү мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков да кол койгон. Андан тышкары ар бир мекемеде кыргыз-кытай же кыргыз-түрк ишканалары болобу, ал жерлерде жергиликтүү тургундар менен пайыздык бөлүшүү болгон эмес. Эми жаңы мыйзам боюнча 20 жана 80 пайыздык чектөө киргизип жатабыз. 20 пайыз чет өлкө жарандары, 80 пайыз жергиликтүү тургундардан болуусу шарт.   

Ал эми Сокулуктагы арматура чыгарган заводду мындан беш жыл мурун Пакистандан келген инвесторлор ачкан. Бүгүнкү күнү ички жана жакынкы өлкөлөргө курулуш материалдарын экспорттоп келет. Бул заводдо жалпы жумушчулардын саны 120 жетет. Алардын ичинен чет өлкөлүк жарандардын көрсөткүчү менен «Лахорстиль Милс»компаниясынын юристи Таттыбүбү Эргешбаева тааныштырды.

2018-жылдын башында биз 120 жумушчуга уруксат кагазын бергенбиз. Ошонун ичинен 40 чет өлкө жарандары болуп эсептелет. Тагыраагы 55 пайызы  Пакистандыктар калган индустар түзөт. Калган 80 жаран Кыргызстандык.       

Соңунда жарандык активисттердин атынан барган «Жаңы муун» саясий кыймылынын өкүлү Аманбол Бабакулов мыйзамсыз өлкөгө кирди делген маалыматтар чындыкка дал келбей турганын коомчулукка жар салды.

Бул эки заводдо иштеген чет өлкөлүктөрдүн паспортун, визаларын карап чыктык. Миграция кызматы менен чогу карадык. Бирок кандайдыр бир мыйзам бузууларды көргөн жокпуз. Экинчиден буга чейин роликтер дагы коомчулукка тараган болчу. Анда кытайлар Кыргызстанды каптап кетти деген маанини камтыган. Ошондуктан жатаканаларына чейин кирдим. Бирок байкаган жокмун.Бул жерде 12 үйдүн арбири 3 батирлүү экен. Ал жерде жагы кытайлар мыйзамдуу жашап жатканына толук ынандым.  

 

Эскерте кетсек, 7-январда борбордук Ала-Тоо аянтында 300 жакын киши чогулган. Анда мыйзамсыз жүргөн кытайларды өлкөдөн чыгаруу талабына коюшкан болчу. Бул көрүнүштү президент Сооронбай Жээнбеков Кытайды жүйө кылып, өлкө тынчтыгын бузууну каалаган токтор бар экенин айткан. Ошондой эле мындай максатты көздөгөндөр тиешелүү жазасын алат деген.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM