Бишкекте айрым жылуулук трассалары, үйлөрдөгү түтүктөр жарылып, натыйжада, 4 объекти жылуулуксуз калды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын башкы адиси Бекмат Абалиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, калаадагы 4 мектептин жылуулук системасында жарылуу катталды. Учурда аварияны жоюу боюнча тийиштүү иштер жүрүп жатат.
Ал эми турак жайлардын баары жылуулук менен толук камсыз болду.
Эске салсак, быйыл Бишкекте жылуулук 1-ноябрда берилди.