Биз менен байланышыңыз

Текебаев: «Жапаров түрмөдө адилетсиз чечим менен отурат»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Ноя 2019 | 1282 | 0

Садыр Жапаров соттун адилетсиз  чечими менен абакта отурат. Мындай пикирин саясатчы Өмүрбек Текебаев “Марал” радиосунун түз эфиринде айтты.

Ал Садыр Жапаровдун эркиндикке чыгышы керек экендигин жана бул боюнча коомдук пикир жаратуу аркылуу жардам берүүгө мүмкүн экенин белгилейт.

-Садыр Жапаров чыгышы керек. Ал да соттун адилетсиз  чечими менен абакта отурат. Мен коомдук пикир жаратуу аркылуу жардам беришим мүмкүн. Баарыбыз кааласак, коомдук пикир бир күнү турмушка ашат.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айып менен 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл, алты айга соттолгон. Август айында Чүй облустук соту Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтүн кыскартуудан баш тарткан.

Жакында эле Жапаровдун тарапташтары аны бошотуу талабы менен кол чогулта башташкан.

Copyright © 2017 Maral FM