Биз менен байланышыңыз

Түркияда 11 миллион көчөт отургузуу башталды [видео]

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Ноя 2019 | 1420 | 0

Улуттук бак-дарак күнүнө карата Түркияда «Келечекке дем» өнөктүгү боюнча 11-ноябрь (11.11) күнү 11 миллион көчөт отургузулат. Алгачкы көчөттү президент Режеп Тайип Эрдоган отургузуп баштап берди.

Маалыматка ылайык, «11 миллион дарак: бүгүн көчөт, эртең дем» программасынын алкагында 81 аймактын 2023 жеринде бирдей убакытта көчөт отургузуу башталат.

Буга чейин Эрдоган Твиттердеги баракчасында «Бак-дарак жана токой сүйүүсүн жайылтып, балдарыбызга жашыл Түркияны мураска калтыруу үчүн жалпы мекендештерден колдоо күтөбүз»,- деп жазып, элин өлкөнү жашылдандырууга чакырган.

Copyright © 2017 Maral FM