Биз менен байланышыңыз

«Ишкерлердин маданияты төмөн, жоопкерчилик алуудан качышат»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Ноя 2019 | 750 | 0

Жумушчулардын коопсуздугун камсыздандыруу боюнча мыйзам иштебейт. Анткени тийиштүү мыйзамды аткарбагандарга эч кандай санкциялар жок. Мындан сырткары, көп ишкерлер эмгек коопсуздугун камсыздандырууну ашыкча чыгым катары көрүшөт. Бул тууралуу «НСК» камсыздандыруу компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Талантбек Кемелов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кооптуу технологияларды колдонгон жумушчу да камсыздандырылышы керек.

«Өнүккөн өлкөлөрдө кыйыр түрдө көзөмөл болуп, маселени камсыздандыруу аркылуу чечишет. Бирок бизде ишкерлердин маданияты төмөн, жоопкерчилик алуудан качышат. Мыйзамдарды иштетүү үчүн адмнистративдик кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизип, камсыздандырууну лицензия алуунун талаптарына кошуп коюу зарыл», — дейт Кемелов.

Ал белгилегендей, мамлекеттик ишканалар гана мыйзамдарды аткарып, тендер аркылуу камсыздандырууларды сатып алууда. Негизинен, чет өлкөлүк ишкана, мамлекеттик компанияларда бардык талаптар сакталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM