Биз менен байланышыңыз

«Бакиевдин ысымы көчөгө ыйгарылган токтом жокко чыгарылат»

Кыска кабар | 10 Ноя 2019 | 804 | 0

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин ысымын көчөгө ыйгарган токтом артка кайтарылат. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев билдиргенин «Азаттык» радиосу жазды.

Ал жергиликтүү кеңештин депутаттары мыйзамсыз токтом чыгарып, бул тууралуу облустук бийликке кабар беришпегенин айткан.

— Токтом мыйзамсыз болгондугуна байланыштуу артка кайтарылат. Бакиевдин ысымын көчөгө ыйгаруу тууралуу маалымат, райондук жана облустук жетекчиликке өз убагында маалымдалган эмес. Мыйзамсыз кадамдарга баргандарга чара көрүлөт. Көчө башына орнотулган тактайча демонтаж болуп алынды, — деди Сатыбалдиев.

Кечээ, 9-ноябрда социалдык тармактарга Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Рахманжан айылынын жаңы конушундагы көчөгө мурдагы президент Курманбек Бакиевдин ысымы ыйгарылганы тууралуу маалымат тараган.

Бул маалыматты Рахманжан айылынын башчысы Жакшылык Эгембердиев «Маралга» тастыктады.

— Бакиевдин аты көчөгө коюлганына үч-төрт күн болду. Аны ошол айылдагы конуштун тургундары 4-5 ай мурда демилгелешип, жергиликтүү кеңешке сунушташкан. Жергиликтүү кеңештин депутаттары бир добуштан муну колдоп, чечим кабыл алышты. Мен айыл өкмөтүнүн башчысы катары бул демилгеге каршы позициямды билдиргем, — дейт Жакшылык Эгембердиев «Маралга» берген маегинде.

Интернетте «Бакиев Курманбек Салиевич атындагы көчө» деп, сүрөтү коюлган тактай жарыяланды. Бул социалдык тармактын колдонуучуларынын сынына кабылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM