Биз менен байланышыңыз

ЕЭК кеңеши унаанын бажы алымдары боюнча маселени карайт

Кыска кабар | 7 Ноя 2019 | 693 | 0

Кыргызстан үчүнчү өлкөлөрдөн ташылуучу унааларга бажы алымынын жеңилдиктерин пайдалануу мөөнөтүн узартуу жөнүндө Москва шаарында Евразия экономикалык комиссиясынын кезектеги жыйынында кайрылат. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Дастан Кадыров журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, 19-ноябрда Москва шаарында Евразия экономикалык комиссиясынын жыйыны өтөт. Бажы алымы боюнча жеңил тарифтердин мөөнөтүн узартуу жөнүндө буга чейинки болгон сүйлөшүүлөрдөн натыйжа чыккан эмес.

Мамлекеттик бажы кызматы 2019-жылдын 31-декабрында транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңил тарифи аяктай турганын жарыялаган. Буга байланыштуу 2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга ЕАЭБтен тышкаркы өлкөлөрдөн ташылып келген автоунаалардын бажы төлөмү кескин көбөйөт. Учурда ишкерлер бул жагдайга тынсызданып жатышат.

Экономика министри Санжар Муканбетов буга чейин ташылып келген автонунааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактап туруу боюнча мүмкүнчүлүк бар деп билдирген.

Бажы кызматынын маалыматында, 2020-жылдын январь айынан тарта 2004-жылы чыгарылган машина 10 миң доллар турса, анын баасы 12 миң долларга кымбаттайт. 2009-жылы чыккан 2,5 көлөмдөгү «Toyota Camry» автоунаасынын бажы төлөмү 1250 доллар болсо, 2020-жылдан тарта анын бажы төлөмү 13 600 долларга чыгат.

Copyright © 2017 Maral FM