Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Тажикстандын чек ара бекетине болгон кол салууну айыптады

Кыска кабар | 7 Ноя 2019 | 1477 | 0

Кыргызстан Тажикстандын чек ара бекетине болгон кол салууну айыптады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

6-ноябрда Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын Тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Айдарбеков тажик-өзбек Мамлекеттик чек арасындагы «Султанабад» чек ара отрядынын «Ишкобод» чек ара тозотуна куралдуу топтун кол салуусуна байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Кол салуунун кесепетинен Тажикстандын аскер кызматчыларынан каза болгондор жана жабыр тарткандар бар.

«Кыргыз тарап мындай актыларды айыптайт жана регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу максатында региондун өлкөлөрүнүн биргелешкен күч-аракеттерине бекем колдоо билдирет»- деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Тажик-өзбек чек арасындагы чек ара тозотунда ок атышуу 6-ноябрда болду, анда тажикстандык чек арачы менен милиция кызматкери окко учту. Мындан тышкары чабуул жасаган 15 согушкер өлтүрүлдү.

Чек ара тозоту Душанбе шаарынан 60 чакырым аралыктагы Рудаки районунун аймагында жайгашкан. Ага 20 киши кол салган.

Тажикстан бийлиги кол салуучулар «Ислам мамлекети» террордук уюмунун мүчөлөрү болушу мүмкүн деп билдирди. Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Кол салуу Тажикстан президенти Эмомали Рахмон жана 20дай министр расмий сапар менен Европада жүргөндө болду. Сапар 12-ноябрда аяктайт.

Copyright © 2017 Maral FM