Биз менен байланышыңыз

«Өкмөт «Жаратылышты өнүктүрүү фондуна» түшкөн каражатты бюджетке которот»

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Ноя 2019 | 390 | 0

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Эркингүл Иманкожоева «Марал» радиосуна берген маегинде өкмөт  «Жаратылышты өнүктүрүү фондуна» түшкөн 54 млн 400 миң долларды бюджетке которорун айтып, кескин сынга алды.

«Каражат бюджетке которулган соң чыгаша болуп кете берет. Бул иш туура эмес. Бул боюнча жаштар да, экологдор да коңгуроо кагышы керек. Экология маселесин чечип алалы. «Кумтөрдөн» бюджетке канча акча төлөнүүдө?… Эми ушул акчана да тартып, талап-тоноп кетүү керек. «Кумтөр» бүгүн бар, эртең жок. Таштандыларды кайра иштетүүчү заводду иштетип алуу зарыл», — дейт Иманкожоева.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын августунда «Centerra Gold Inc.» компаниясы жана «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому кол койгон Стратегиялык макулдашууну жүзөгө ашыруунун алкагында «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» түзүлгөн. Бул айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш байлыктарын сактоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу милдетин аткарат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM