Биз менен байланышыңыз

Товарларды мыйзамсыз ташуу фактысы боюнча «шыр байланыш» кызматы иштейт

Кыска кабар | 5 Ноя 2019 | 384 | 0

Мамлекеттик салык кызматы Евразиялык Экономикалык Биримдигине мүчө өлкөлөрдөн Кыргызстанга товарларды жана күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюу маселеси боюнча жарандардын кайрылууларын жана маалыматтарын кабыл алуу үчүн «шыр байланыш» иштеп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Билдирүүлөр күнү-түнү кабыл алынат. Салык кызматынын жумуш убактысынын бекитилген графигине ылайык кезмет кызматкерлери арыз ээлеринин кайрылууларын саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин кабыл алат. Жумуш убактысынан тышкаркы мезгилде, ошондой эле дем алыш жана майрам күндөрү «шыр байланыш» телефону боюнча чалууларды жаздыруу «автожооп бергичтин” жардамы менен ишке ашырылат.

Жарандар төмөнкү ишеним телефондоруна кайрыла алышат:

  • (0312)61-31-89;
  • WhatsApp (0779)61-31-89

WhatsApp боюнча жарандар мамлекеттик чек арасынын кыргыз-казак участогу аркылуу товарларды жана күйүүчү-майлоочу материалдарды өткөрүүдө талаптардын бузулуу фактылары туурасында билдире алышат.

Copyright © 2017 Maral FM