Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 6-ноябрда тоолуу райондордо жолдор тайгак болот

Кыска кабар | 5 Ноя 2019 | 529 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 6-ноябрда Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен туман түшүшү күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 0….-5… күндүз: 1…..6C;

Талас облусунда

түнкүсүн: 0…..-5….күндүз: 1…..6°C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 0…..5….күндүз: 6…..11°C

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: -1…..-6….күндүз: 0……5°C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: -2….-7…..күндүз: -1…..4°C;

6-ноябрда Бишкекте күндүз күн бүркөө болуп, түнкүсүн кар жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 0……-2°C, түнкүсүн 4..… 6°C.

 

Copyright © 2017 Maral FM