Биз менен байланышыңыз

Мобилдик тиркемелерде жеткиликтүү мамлекеттик кызматтар

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Ноя 2019 | 385 | 0

110 кызмат жарандарга сапариптик форматта кызмат көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жеке тармактын мобилдик тиркемеси аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр башталды. Учурда уюлдук байланыш операторлору, коммерциялык банктар, «Альфателеком» жана «Нуртелеком» компаниялар кызмат көрсөтүүдө. Алардын мобилдик тиркемеси аркылуу 31 мамлекеттик орган электрондук кызмат көрсөтүүгө даяр.

Жарандар portal.srs.kg жана egov.kg порталы аркылуу электрондук кызмат алып, тиешелүү эрежелер менен тааныша алат.

«Мамлекеттик каттоо кызматынын, Билим берүү министрлигинин, Салык кызматынын кызматтары боюнча мобилдик тиркеме иштелип чыкты. Жарандар «Мой О!» жана «Мегапей» тиркемелери аркылуу учурда камсыз болгон мамлекеттик кызматтарды пайдалана алышат. Алсак, автоунаа тууралуу маалыматтарды текшерүүгө болот. Мындан сырткары, паспорт алуу, жарандык абалды каттоо, жашаган жери боюнча маалымкаттарды алуу, милдеттүү медициналык камсыздандыруу жана башка кызматтар каралган», — деди Догоев.

Ал буга кошумча, ноябрь айынын соңуна чейин жарандарга жер жана кыймылсыз мүлк тууралуу электрондук маалымат алууга шарт түзүлөрүн белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM