Бүгүн, 2-ноябрда Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жолугушуусу өтөт.
Жыйында ШКУга мүчө болгон өлкөлөрдүн премьер-министрлери жолугушат. Иш-чарага уюмдун байкоочулары катары Ооганстан, Беларусь, Монголия жана Ирандын өкмөт башчылары да чакырылган.
Эске салсак, ШКУнун саммити үстүбүздөгү жылдын 13-14-июнь күндөрү Бишкек шаарында өткөн. Кийинки отурум 2020-жылы Орусиянын Челябинск шаарында өтмөкчү.