Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандык укук коргоочу эл аралык сыйлыкка татыды

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Ноя 2019 | 469 | 0

Прагада жайгашкан People in Need («Муктаж адамдар») эл аралык укук коргоо уюму өзбек укук коргоочусу Агзам Тургуновду «Адилетсиздик баяны» сыйлыгы менен сыйлады. Бул тууралуу centralasian.org жазды.

Ага ылайык, People in Need эл аралык уюму 15 жылдан бери бул сыйлыкты тоталитардык режим тарабынан куугунтукталган кишилерге ыйгарып келет.

Уюм тараткан билдирүүдө Агзам Тургунов диктатордук режимге каршы күрөшүүдөгү эр жүрөктүүлүгү үчүн сыйланганы айтылат.

66 жаштагы Агзам Тургунов Өзбекстандын укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн аракеттерине нааразы жарандардын укугун коргоо менен алектенет.

Ал 2008-жылы Өзбекстанды Ислам Каримов жетектеп турганда кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу соттолуп, биринчи президент өлгөндөн кийин гана эркиндикке чыккан.

Эл аралык уюмдар аны «абийир туткуну» катары таанышкан.

Жакында укук коргоочу мыйзамсыз түрдө 10 жылга соттолгонун айтып, акталып чыгууга жардам берүү үчүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM