Биз менен байланышыңыз

31-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 30 Окт 2019 | 453 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 31-октябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, ал эми өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 4….9… күндүз: 17…..22°C;

Талас облусунда

түнкүсүн: 2….7….күндүз: 17…..22°C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 6…..11….күндүз: 17…..22°C;

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 1…..6….күндүз: 11……16°C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: 0….-5…..күндүз: 10…..15°C;

31-октябрда Бишкекте жаан чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 20……22°C, түнкүсүн 6..… 8°C.

Copyright © 2017 Maral FM