Биз менен байланышыңыз

“Кувейт-Ош-Кувейт” багытынын алгачкы каттамы Ошко келип конду

Кыска кабар | 28 Окт 2019 | 454 | 0

Бүгүн каттамдын алгачкы учагы Ошко конду. Жүргүнчү ташыган бул каттам «Jazeera Airways» авиакомпаниясы тарабынан ачылды. Алгачкы каттамдагы жүргүнчүлөрдү алып келген  Airbus-320 Neo учагы салтанат менен тосулуп алынды.

«Манас эл аралык аэропортунун» Ош филиалынын директору Талантбек Ысаков билдиргендей, бул каттам эки өлкөнүн жана Фергана өрөөнүнүн жүргүнчүлөрүнүн авиа каттоосун камсыздоо менен, Азия жана Европа өлкөлөрүнө транзиттик каттоо мүмкүнчүлүгүн берет.

Бүгүн Оштон Кувейтке 139 жүргүнчү катталган. Авиа каттам жумасына дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM