Биз менен байланышыңыз

Футзал: Кыргызстан 2020-Азия чемпионатына тандоо турун жеңиш менен баштады

Кыска кабар , Спорт | 25 Окт 2019 | 421 | 0

Футзал боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы 2020-жылы өтүүчү Азия чемпионатына тандоо турунун алгачкы беттешин утту.

Бул тууралуу өлкөнүн футбол федерациясы кабарлады.

Ирандын Урмия шаарында өтүп жаткан тандоо этабында Кыргызстан кечээ Түркмөнстан курамасы менен беттешип, 3:2 эсебинде утуп алды.

Башкы машыктыруучу Амиржан Мукановдун балдары экинчи бөлүктө 0:2 эсебинде утулуп жатып, беттештин аягына чейин эсепти 3:2 кыла алышты. Беттештеги голдорду Арстанбек Турсунов (2 гол), Салимбай Юлдашев киргизишти.

Бүгүн, 25-октябрда Кыргызстан курамасы Иран командасы менен кездешет.

Copyright © 2017 Maral FM