Биз менен байланышыңыз

Үй-бүлөдө зомбулук көбөйүп жатат

Коом | 23 Окт 2019 | 1063 | 0

Акыркы эки жылдын ичинде үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын саны өстү. Бул тууралуу үй-бүлөдө зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттердин жыйынында айтылды. Анда зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча 2019-жылдын январынан бери жасалган иштердин жыйынтыгы айтылды. Жергиликтүү активисттерден турган комитеттер калкка үй-бүлөлүк зомбулуктан коргонуунун ыкмалары жөнүндө ар тараптуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишкен.

“Үй-бүлөдө зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттер кантип иштейт?”- аталышындагы конференция USAIDдин биргелешип башкаруу программасы менен кызматташтыкта Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан уюштурулду. Анда үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттер ушул жылдын январь айынан берки жасаган иштери тууралуу айтып беришти. Долбоордун максаты — Кыргызстандагы үй-бүлөлөр ортосунда зордук-зомбулуктун алдын алуу, айымдардын укугун коргоо, секелек кыздарга көрсөтүлүп жаткан ыдык маселесин чечүү.

 Үй-бүлөлүк зомбулуктар өсүп жатат

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова айымдарга карата көрсөтүлүп жаткан зомбулуктарга жол бербей, административдик чара эмес, кылмыш жазасына тартып, катуу чара көрүү керек деп эсептейт:

-Бул долбоор пилоттук режимде үч жерде жүргүзүлдү. Негизги максат — Кыргызстандагы зордук-зомбулукка кабылып, бирок ачыкка чыкпай жүргөн адамдар менен баарлашып, аларды чечүү. Тилекке каршы, 2012-жылдан 2018-жылга чейин мындай көрүнүштөр 3 эсеге көбөйүптүр. Бул абдан — кейишттүү нерсе. Маселен, секелек кыздарыбызга жездеси же өгөй атасы тарабынан ыдык көрсөтүлүп, бирок коомчулукка чыгарбаган окуялар абдан арбын кездешип калды. Мындан улам ушул жылдын башында атайын мыйзам кабыл алынып, иштер башталган. Бул иштер дагы уланса, оң таасирин берет болушу керек деп ойлойм.

Зомбулук маселесин бир гана жабырлануучу менен чечүүгө болбойт, айыпталуучу менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров үй-бүлөлүк зомбулукту бир гана физикалык жактан гана көрсөтүлгөн зомбулук деп санабайт. Зомбулуктун түрлөрүнө адамдын психологиясына терс таасирин берген ар бир кадамдар кирет:

 -Үй-бүлөнү коргоо мыйзамынын кабыл алынганына эки жылдын жүзү болуп калды. Бул мыйзам кырдаалдын кыйынчылыгынан улам келип чыккан. Зомбулук- бул бир гана уруп-токмоктоодо эле эмес, ошол адамдын баскан турганын, ичкен тамагын, жада калса кийген кийимине чейин асылган сыяктуу кадамдар да кирет. Эгерде бир үй-бүлөдө, бир мүчөсүн токмоктобой эле, сөз менен басмырласа, бул дагы психологиялык зомбулукка жатат. Ошондуктан үй-бүлөлүк зомбулукту жоюуда бир гана жабырлануучу менен иштебей, ал үй-бүлөнүн жакындары менен чогуу иш алып барсак, көйгөйдү чечүүгө толук жолдор ачылат.

Арыз менен кайрылгандардын саны көп. Бирок ачыкка чыкпай жүргөндөрү канча?

Ал эми кризистик борбор ассоциациясынын аткаруучу директору Толкун Түлекованын берген маалыматы боюнча 2018-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын саны 70 миңге жеткен. Бул — арыз жазып кайрылгандардын гана саны. Ал эми аталган борборго кайрылгандардын саны бир жылда 6 миңге жеткен. Түлекованын пикиринде, эгерде экономиканы өстүрүү аракети чындап эле биринчи орунда болсо, алгач үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселесин жылдан-жылга өстүрбөй, тескерисинче кыскартуу керек:

Мен бир нерсени баса белгилеп кетким келет. Бүгүнкү күндө үй-бүлөлүк зомбулук криминалдаштырылып жатат. Адамдардын ал иштен алган жаракаттары, абалдары абдан оор. Ошону үчүн жардам сурап, ооруканага, медициналык жардамга муктаж болгондордун саны да өсүп жатат. Мындан улам, Кыргызстандын экономикасы көп чыгашага да кептелип жатат. 2018-жылдагы эле үй-бүлөлүк зомбулуктан курман болгон үй-бүлө үчүн мамлекет 1 млн. 600 миң сом чыгашага учураган. Мындай көрүнүштөр жылдан-жылга көп катталып жатат.

Жети-Өгүздө атасы кызын зордуктаганы белгилүү болду

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун айылдык кеңешинин депутаты Назира Дүйшекеева долбоордун арты менен жашырылып жүргөн үй-бүлөлүк зомбулуктар ачыкка чыгып жатканын айтты. Айыл жергесинде секелек кыздарга ыдык көрсөтүү, атасынан же энесинен зомбулук көргөндөр арыз менен кайрылчу эмес. Бүгүнкү күндө атайын активисттердин катышуусу менен түшүндүрүү иштери жүрүп, үрөйдү учурган окуялар ачыкталып, күнөлүүлөр жазага тартылып жатканын айтып берди:

-Айыл жергесинде мындай окуялар катталганы менен аны ачык айтууда жашоочулар тартынып келишет. Бирок бул долбоордун алкагында колдон келишинче окуучулардан баштап, кыз-келиндерге түшүндүрүү иштери жүрдү. Маселен, бир кыз бизге кайрылды (аты жашыруун). Ал өзүнүн атасынан зордукка кабылып келген экен. Арызын кабыл алып, кыздын коопсуздугун сактап, учурда иш алып барып жатабыз. Атасына кылмыш иши козголду. Эгерде мындай иштер ачык-айкын өтө турган болсо, катылып, айтылбай жүргөн үй-бүлөлүк зомбулуктар чыгат. Ошондо чечүү жолдорун дагы улантып карап, иштерди жүргүзөбүз.

Эске сала кетсек, үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери, Ысык-Көл, Ош жана Бишкек шаарында өттү. Анда 3-4 миңден ашык тургундарга атайын сабактар өткөрүлдү.

Кошумчалай кетсек, 2018-жылдын 8 айына алынган маалыматтар боюнча үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка байланышкан 235 кылмыш иши катталган.

Copyright © 2017 Maral FM