Биз менен байланышыңыз

200гө жакын салыкчы дистанттык окуудан өттү

Кыска кабар | 22 Окт 2019 | 332 | 0

Окутуу Япон эл аралык кызматташтыктын агенттиги (JICA) менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Салык кызматынын кадрдык потенциалын өнүктүрүү системасын жакшыртуу» долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмү билдирди.

Бир айдын ичинде угуучулар долбоордун экинчи этабынын алкагында эки багыттагы дистанттык окутуу жолу менен квалификациясын жогорулатышты. “КР салык мыйзамдары” курсу Салык кызматына биринчи жолу кабыл алынган кызматкерлер жана кенже инспектордук курам үчүн даярдалган.

“КР салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү” курсунун угуучулары Салык кызматынын жетектөөчү курамы жана орто инспектордук звенодогу кызматкерлер болушкан.

Электрондук окутуу системасынын жардамы менен салык кызматынын кызматкерлери смартфондун, ноутбуктун жана жеке компьютердин жардамы менен иш учурунда жана аз гана убакыттын ичинде өз квалификациясын жогорулатуу жана билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Салык кызматынын адистери тарабынан даярдалган дистанттык окутуунун форматы видео сабактар, ар бир тема боюнча тесттер жана жыйынтыктоочу тапшырмалар менен камтылган.

 

Copyright © 2017 Maral FM