Биз менен байланышыңыз

2023-жылга чейин өтүүчү шайлоолордун графиги (тизме)

Кыска кабар | 20 Окт 2019 | 505 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү эске алуу менен 2020-2021-жылдардагы шайлоолордун графигин жарыялады.

  • 2020-жылдын 12-апрелинде — 30 жергиликтүү кеңешке шайлоо (алардын ичинен — 25 айылдык кеңеш жана 5 шаар: Ош, Каракол, Балыкчи, Токмок, Майлуу-Суу).
  • 2020-жылдын 4-октябры –  Жогорку Кеңешке шайлоо.
  • 2021-жылдын 11-апрели — 418 жергиликтүү кеңешке шайлоо, анын ичинде: 386 кеңешке шайлоо, алардын ыйгарым укуктары 2020-жылдын декабрында аяктайт (370 айылдык кеңеш жана 16 шаар: Бишкек, Нарын, Кара-Көл, Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Исфана, Талас, Өзгөн, Кант, Орловка, Кайыңды, Шопоков, Кербен, Кочкор-Ата, Чолпон-Ата). Ыйгарым укуктары 2021-жылдын майында аяктай турган  32 кеңешке шайлоо (26 айылдык  кеңеш жана 6 шаар: Жалал-Абад, Көк Жаңгак, Ноокат, Кемин, Кадамжай, Айдаркен)
  • 2021-жылдын 10-октябры –  4 жергиликтүү кеңешке шайлоо (3 айылдык кеңеш жана 1-Кара-Суу шаары).
  • 2022-жылдын апрели – 18 кеңешке (3 шаар –Таш-Көмүр, Кара-Балта, Токтогул).
  • 2023-жылдын апрели – 13 кеңеш,

2020-жылдагы шайлоолоду өткөрүү үчүн БШКнын жалпы чыгымдары  928 млн. сомду түзүп, анын ичинен:

  • 560 млн – Жогорку Кеңешке шайлоого чыгымдар,
  • 60 млн шайлоого даярдык көрүүгө жана 2020-жылдын апрелинде жергиликтүү шайлоолорго (31 кеңеш),
  • 197 млн шайлоочулардын тизмеси жана идентификациялоо боюнча ыйгарым укуктардын өтүшүнө байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын бюджетинен БШКнын бюджетине которуу,
  • 100 млн — БШК Аппаратынын учурдагы  бюджети.

Copyright © 2017 Maral FM