Биз менен байланышыңыз

Бокоев: Казакстан менен чектешкен эки бекет 2010-жылдан бери жабык

Кыска кабар | 17 Окт 2019 | 444 | 0

Казакстан менен чектешкен «Табак совхоз» жана «Аманбаев» өткөрмө бекеттери жабык турат. Бул маселени Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Кенжебек Бокоев көтөрдү.

«Талас облусундагы «Табак совхоз» жана «Аманбаев» посттору 2010-жылдан бери жабык турат. Жергиликтүү эл Чымкентке өтүү үчүн Тараз шаары аркылуу 150 километрден айланып келүүдө. Эки өлкө ортосунда эч кандай пикир келишпестик же талаш маселе жок. Кошуна өлкөнүн Өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолукканда бул маселени көтөрсөңүздөр», — деди Бокоев.

Эл өкүлү «Табак совхоз» жана «Аманбаев» өткөрмө бекеттери ачылса, Кыргызстандан картошка, мал-жандыктарын киргизүү, кайра Казакстандан буудай алып келүү бир топ жеңилдээрин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM